FreeMan996 – Соолуган сүйүү

FreeMan996 – Соолуган сүйүү
  • Исполнитель: FreeMan996
  • Длительность: 03:09
  • Качество: 320 kbps, 7,2 Mb.
  • Жанр: Рэп и хип-хоп / 2026
  • Дата релиза: 12.11.2026
  • Слушали: 1
Слушать онлайн
FreeMan996 – Соолуган сүйүү
Скачать

О песне

«Соолуган сүйүү» — кыргызская песня о любви, которая постепенно увядает. Герой не может разгадать чувства любимой, мучается от разлуки и сравнивает дни без неё с пересохшим руслом реки.

Текст песни

Меники ачык-айкын, а сеники табышмак
Каптаса кайра муң-кайгы, бөлмөмдү түтөтүп каламын ыштап
Күндөрүм өзүңсүз соолуган сай сымал
Көндүрүп көрүнбөйсүң, жашынган ай сымал
Сүйүүгө мас кылып, айландырдың башты
Мен сүзөм агымга карама-каршы

Кайдасың, билбеймин, кайрылып келбейсиң
Экөөбүздүн аралыгыбыз узак
Сенсиз жашоо бош көчөдөй
Барган сайын убак узап барат
Жүрөктү жаралап, таш боор сен, махабат
Атыңды эстетсе , сезимдерим жанат
Жүдөттү жалгыздык, жүрөмүн жадап
Сенсиз түн кирсе, сенсиз таң атат

Сүйүүбүз соолуду, а жүрөктө так калды
Түбөлүк болом деп айтканың жалганбы?
Не керек сүйүүңдү арнай албасаң
Аргам жок, кантейин, унута албасам
Сени

Түнкү саат үчтө батам ойлорума
Сүзө албай, деңизге чөккөн кемедей
Сен деп жүрүп адашыпмын жолдорумдан
Эми кайсы тарапка барарымды билбейм
Сен болдуң жыргалым, сен болдуң арманым
Болгону болду, болсунчу дейм бакыт
Ашыгым, томсоруп өзүңдү сагындым
Сүйүүдөн жүрөгүм калгандай жалкып

Сүйүүбүз соолуду, а жүрөктө так калды
Түбөлүк болом деп айтканың жалганбы?
Не керек сүйүүңдү арнай албасаң
Аргам жок, кантейин, унута албасам
Сени

Меники ачык-айкын, а сеники табышмак
Каптаса кайра муң-кайгы, бөлмөмдү түтөтүп каламын ыштап
Күндөрүм өзүңсүз соолуган сай сымал
Көндүрүп көрүнбөйсүң, жашынган ай сымал
Сүйүүгө мас кылып, айландырдың башты
Мен сүзөм агымга карама-каршы

Похожие треки